Жаңылыктар
30.08.2023 12:47
Кароолор: 823
Эр жүрөк мектеп окуучусуна ӨКМдин медалы тапшырылды
ӨМҮР САКТАП КАЛГАН 12 ЖАШТАГЫ АКМААНАЙ
ЭР ЖҮРӨК МЕКТЕП ОКУУЧУСУНА ӨКМдин МЕДАЛЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде сууга чөгүп жаткандарды куткаргандыгы үчүн медалы менен Акмаанай Нурланова сыйланды. Ал үстүбүздөгү жылдын 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы Түп суусуна түшүп кеткен 6 жашар баланын өмүрүн сактап калган. 12 жаштагы Акмаанай ага катар эле өз убагында жабырлануучуга биринчи жардамды да туура көрсөтө алган.
Эр жүрөктүүлүк менен адам өмүрүн сактап калган келечек ээсинин эрдиги башкаларга үлгү экендигин баса белгилеген министр Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы жамааты Акмаанайга кең келечек каалайт.
Акмаанай Нурланова Түп районунун А. Карымшаков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 6-классынын окуучусу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР