Жаңылыктар
17.12.2023 10:01
Кароолор: 1012
ЭНЕЛЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН ӨКМдин АСКЕРДИК БӨЛҮГҮ МЫКТЫ АТАЛДЫ
15-декабрь күнү борбор калаада Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Бишкек горнизонунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн 2023-окуу жылындагы жетишкендиктерин аныктаган иш-чара болуп өттү.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору горнизондук иш-чараларды аткарууда жана аскер бөлүктө өздүк курамдын кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзгөндүгү үчүн ‘’Бишкек горнизонунун мыкты аскер шаарчасы’’ диплому менен сыйланды. Ошондой эле аскердик кызматтагы жетишкендиктери үчүн борбордун аскер кызматкерлери сыйланышты.
Ага катар эле Республикалык жоокерлердин энелер комитети тарабынан жыл ичинде өткөрүлгөн ‘’Мыкты аскер бөлүк энелердин көзү менен’’ аттуу республикалык сынакта Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор 3-орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу аскердик бөлүктөрдө министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен анык мөөнөттөгү аскер кызмат өтөгөндөр бир жыл ичинде ширетүүчү, автоэлектрик кесибине ээ болуп, колдоруна диплом алып чыгышат. Ошондой эле жоокерлер куткаруучу сертификатына ээ болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР