Жаңылыктар
21.02.2026 12:34
Кароолор: 5
ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө”карата тил майрамы өткөрүлдү.
Бул күнү таланттуу жаштар жамаатынын Сармердени менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн катарын министр, генерал-майор Урматбек Шамырканов баштаган жетекчилер жана өздүк курам толуктады.
Сармерден оюнунда өздүк курамдын жаштар жамааты макал-лакап, жаңылмач, табышмак, акыйнек айтышуу, Манас айтуу сыяктуу таланттарын ӨКМдин чакан өнөр секисинде тартуулашты.
Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тил майрамынын соңунда министр катышуучуларга чакан белектерин тартуулап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
“1999-жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланып, бул күн 2000-жылдан бери маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет. Келечек билимдүү жаштардыкы, андыктан кыргыз тилинде мыкты сүйлөп, башка тилдерди өздөштүрсөк, ошончо элдин маданиятын тааный алабыз”, - деди Урматбек Шамырканов.
Ага катар кыргыз элинин маданиятын, элдик ооз чыгармачылыгын унутта калтырбай өнүктүрүүгө шыктандырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР