Жаңылыктар
30.08.2023 11:26
Кароолор: 1444
Эмгегибиз эгемен өлкөбүздүн эртеңи үчүн! Майрамга карата ӨКМ кызматкерлери сыйланышты
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи министрликтин борбордук аппаратында өтүп, анда талыкпаган эмгеги менен жемиштүү ийгилик жараткан мыктылар өзгөчө алкоого алынды.
Иш-чарада Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов министр Бообек Ажикеевдин атынан куттуктоо сөзүн жеткирип: “Күн сайын коркунуч жараткан кырсыктын алдын алып, учурунда каруусу менен калкан болуу менен калктын коопсуз жашоосу жана жыргалчылыгы үчүн тыным албай эмгектенип жаткан эл уулдарына ыраазычылык билдирди. Биздин министрликтин алдына коюлган максат, милдеттерди так аткарууда сиздердей болгон күчтүү, билими менен мамлекетибиздин гүлдөп өсүүсүнө бараандуу салым кошкон адистер менен дайыма сыймыктанабыз”- деп баса белгиледи.
Ал эми эгемендүүлүк күнүнө карата төмөндөгүдөй сыйлыктар министрликтин кызматкерлерине тапшырылды:
1. “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 30 жыл жана Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 95 жыл” юбилейлик медалы;
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси;
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн” медалы;
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II - даражадагы медалы;
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I - даражадагы медалы;
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” II - даражадагы медалы;
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” III - даражадагы медалы;
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эмгек сиӊиргендиги үчүн” медалы;
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардактуу ишкер” төш белгиси;
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардагери” медалы;
11.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамотасы”.
12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин атынан “Алкыш”.
Белгилей кетсек салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи министрликтин жер-жерлердеги мекемелеринде да өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР