Жаңылыктар
12.09.2023 09:42
Кароолор: 279671
Эмгеги мамлекеттик сыйлыктарга татыган ӨКМ кызматкерлери
СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК
ЭМГЕГИ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫГАН ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ
Бүгүн, 12-сентябрда өлкөнүн өнүгүүсү жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да сыймыктуу кызматкерлери бар.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР:
Полковник Молдоисаев Бакыт Молдоисаевич – КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча ӨКБнүн башчысы;
Чөкөгулов Таалайбек – КР ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын (Кыргызгидромет) “Токтогул” бириккен гидрометеорологиялык станциясынын “Нарын-Үч-Терек” Гидрологиялык постунун жогорку категориядагы техник-гидрологу;
Гребнев Олег Анатольевич – КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура району боюнча ӨКБнүн №91 ӨККБнын өрт өчүрүүчү автоунаанын айдоочусу;
Омуров Абдикарим Макамбаевич – КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнын №58 ӨККБнүн башчысы;
Карыбай уулу Канатбек – КР ӨКМдин Эл аралык кызматтыштык бөлүмүнүн башчысы;
Ибраимов Кубат Абдисеитович – КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментинин директору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭРДИК МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНГАНДАР:
Капитан Маманазаров Айбек Абдималикович – КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен району боюнча ӨКБнын Самаркандек айылындагы №31 ӨККБнын башчысы;
Тапаев Маратбек Кошоевич – КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДАҢК МЕДАЛЫ МЕНЕН
Турсункулов Эркин Асанканович – КР ӨКМдин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борборунун башчысы.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭРДИК МЕДАЛЫ МЕНЕН КУРМАН БОЛГОНДОН КИЙИН СЫЙЛАНГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР:
Капитан Улукбеков Уланбек Талипжанович – КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн улук офицери;
Ысманов Айбек Абдималикович – КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаары жана Баткен району боюнча ӨКБнүн Ак-Сай айылынын № 106 ӨККБнүн кароол башчысы.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө: “ 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууда жана эң негизгиси Ата Мекен чегине душман бутун тебелетпей, коргоп калууда берген антына бекем туруп өмүрүн арнаган Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков, Айбек Ысманов сыяктуу баатыр жоокерлерибизге ар дайым башыбызды ийип таазим кылабыз. “Эрдик” медалына татыган эр-азаматтарыбыздын аркасынан Мекен чегин коргогон баатыр уулдарыбыз чыга берерине толук ишенебиз.
Биздин коомчулукта “көзү тирүүсүндө баркталса” деген сөздөр айтылып, бир катар кыргызстандыктардын аттары аталып калат. Чындыгында эле, “Өсөөр эл өзүн сыйлайт” эмеспи. Өз тармагынын устасы аталып, ысымдары калк арасына кеңири сиңген мындай жарандарыбыздын эмгеги татыктуу бааланууга тийиш!”, - деп баса белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР