Жаңылыктар

28.05.2025 19:20

   Кароолор: 258

ЭМЕРЕК ЖАСООЧУ ЦЕХТЕН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ ЖАБЫРКАГАНДАР ЖОК

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Учкун конушунда бүгүн, 28-майда эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт саат 18:46да толук өчүрүлдү. Муну менен катар турак үй өрттөнгөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттери менен коңшу жайгашкан турак жайларга жалын өткөрүлбөй курчоого алынган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын орун басарлары башында турган штаб жана Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 офицер дрону менен тартылды.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу