Жаңылыктар

21.06.2024 10:08

   Кароолор: 323

ЭЛИНЕ ӨМҮРҮН АРНАГАН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына караштуу Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, өрт өчүрүүчү-куткаруучу, полковник Талант Молдосанов ардактуу эс алууга узатылды.

Ал кесиптик жолун 2002-жылы Каракол шаардык № 15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө өрт өчүрүүчү катары иштөөдөн баштап, кийин Түп району боюнча Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын инспектору , ӨКМдин Түп, Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунда үзүрлүү эмгектенип келген.

Ардагер эл үчүн өтөгөн 22 жылдык кызмат аралыгында Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, ӨКМдин II, III даражадагы медалдары, Казакстандын ӨК министринин төш белгиси жана көптөгөн диплом, ардак грамоталар менен сыйланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу