Жаңылыктар
21.12.2024 09:10
Кароолор: 590
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ЭКИНЧИ КҮНҮ
Бүгүн 21-декабрь, Курултайдын экинчи күнү саат 9:00дөн баштап делегаттарды каттоо иши башталды. Филармонияда аймактардан келген делегаттар сунуш-пикирлерин ӨКМ кызматына жазуу түрүндө билдирүүнү улантышууда.
Белгилей кетсек, Курултай биринчи күнү саат 19:00гө чейин иш алып барды. Элдик жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышып жатышат. Мындан сырткары чет өлкөдө жашаган мекендештер, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.
Курултайдын алгачкы күнүндө 105 адам чыгып сүйлөдү. Кечээ ӨКМдин жарандарды кабыл алуу бурчуна 60 делегаттан суроо-сунуштар кабыл алынган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР