Жаңылыктар
16.12.2023 10:27
Кароолор: 2021
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭЛЕТ КӨЙГӨЙҮ КӨТӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 16-декабрь – Элдик Курултайдын экинчи күнү. Анын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагынан келген жарандардын, делегаттардын сунуштарын, маселелерин кабыл алды.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Улуттук жыйында делегаттар аймактарды жана айылдарды, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрү жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүштү.
Улуттук жыйынга элеттеги көйгөйлөрдү жакындан тааныган атуулдар мындагы министрликтин өкүлдөрүнө түз жолугуп, алыскы айылдардын маселелери менен кайрылып, тиешелүү жоопторун ала алышты.
Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана министрдин орун басарлары Эделбек Кулматов, Акылбек Мазарипов Элдик Курултайдын алкагында элет элинин 50дөн ашуун сунуштарын, көйгөйлөрүн жакындан угушту. Көбүнесе өлкөнүн алыскы аймактарындагы дарыя жээктерин бекемдөө, сел тосмолорун, дамбаларды куруу көйгөйлөрү менен кайрылышты.
Мындан сырткары райондун борборлорунан алыс жайгашкан айылдарга өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү курууну, сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу үчүн Ысык-Көл жээгиндеги жеке менчик эс алуу жайларын көзөмөлдөөнү сунушташты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР