Жаңылыктар

09.08.2024 11:11

   Кароолор: 221

ЭЛ ҮНҮ – ЭЛДИК ЖЫЙЫНДА

Бүгүн Балыкчы шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев башында турган министрликтердин өкүлдөрү шаар тургундары менен болгон жолугушуусу өттү.

Элдин үнү угулган элдик жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана министрликтин кызматкерлери катышты.

Жолугушууда жарандардан Чолпон-Ата шаарындагы сел өтүүчү Тогуз-Булак каналын тазалоо, жээгин бекемдөө өтүнүчү менен кайрылышты.

Өз кезегинде Урматбек Шамырканов бул маселе ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө экенин, жерине өзү барып абал менен таанышканын жана 2025-жылдын авариялык калыбына келтирүү планына киргизиле тургандыгын билдирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу