Жаңылыктар

28.02.2025 15:49

   Кароолор: 267

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫНА БАА БЕРИШТИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунда өткөргөн көчмө жыйынынын алкагында бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаттары ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору менен таанышты.

Министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов алгач эл өкүлдөрүн аскердик бөлүктүн заманбап шарттары менен тааныштырып, жоокерлер үчүн түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр, аскердик даярдыктан тышкаркы окутуу программалары жөнүндө кенен токтолду. Ошондой эле өздүк курамдын милдеттери, техникалык жабдуулары, адистештирилген унаалар менен камсыздалуусу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгы, аскер айымдардын түйшүктүү кызматы тууралуу айтып берди.

Депутаттар муну менен катар “Базалык лагердин” ар бир пунктунун кризисттик кырдаалдарда көчмө шартында иш алып барган кызматы, медициналык алгачкы жардам көрсөтүүсү, куткаруу жана ал үчүн керек болгон техникалык жабууларын өз көздөрү менен көрүп чыгып, жылуу пикирлери менен бөлүшүштү.

Эл өкүлдөрү Түркияда катталган ири зилзалада борбордун куткаруучулары кыйроого учураган түрк элдерин ширендиден алып чыгууда эбегейсиз жардам көрсөткөн эрдиги - бүтүндөй кыргыз элинин сыймыктануусун жаратарын эске салышты.

Андан соң жаш жоокерлердин аскердик даярдыктары, спорттук машыгууларына күбө болушуп, мыкты баасына арзыды. Таанышуу иш-чарасы жылуу маанайдагы пикирлер менен коштолуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иш билгилигине ыраазычылыгын, суктануусун жашырышкан жок.

Жыйынтыгында оор кырдаалда эл жүгүн жеңилдеткен куткаруучулардын иштерине жана мекеме жетекчилерине ийгиликтерди каалашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу