Жаңылыктар
17.04.2025 20:40
Кароолор: 565
ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН ИШТӨӨ... ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДАР
Бүгүн күндүн экинчи жарымында Нарын облусундагы Жарандык коргонуу кызматтарынын командалык-штабдык машыгуусунда райондордун, эл аралык уюмдардын, министрликтердин аткарып жаткан иш-аракеттери угулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Нарын дубанынын башчысынын орун басары Адыл Сапаров баш болгон облустагы Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү, Кызыл ай коомунун кызматкерлери, штабдын мүчөлөрү катышты.
Биргелешкен машыгууда белгиленгендей, Жарандык коргонуу кызматтарына милдеттерине тиешелүү даярдыгы угулуп, облустар бири-бири менен тыгыз байланышта иштөөсү каралды.
Эң негизгиси өзгөчө кырдаалдар жаралганда алгач жабыркаган элге жардам берүү, коопсуз жайларга жайгаштыруу, психологдорду тартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө камкордук көрүүнүн жол-жоболору айтылды.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда элдин эмнеге муктаждыгын аныктап, курамында тамак-аш, кийим- кече, гигиеналык каражаттардан турган гуманитардык жардамды жөнөтүү жана бул багытта эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта иштөө, аэропорт аркылуу жардамдардын келүү маселеси көтөрүлдү.
Мындан сырткары жабыркаган аймактагы эпизоотиялык абал, жолдордун жабылышы, дарыялардагы, суу сактагычтардагы суунун абалы жана плотиналарда жаралган маселелерди чечүү жолдору каралды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР