Жаңылыктар

20.09.2024 11:03

   Кароолор: 755

ЭЛ АРАЛЫК БОКС ТУРНИРИНДЕ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

СССРдин бокс боюнча эл аралык спорт чебери Нурлан Абдыкалыковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын

Свердлов району боюнча №3 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, сержант Арген Нурбеков 3-орунду багындырды.

Арген бокс боюнча мелдеште 57 кг салмакта атаандаштары менен күч сынашты.

Спорттук иш чара 17,18,19-сентябрь күндөрү Нарын облусунун Кочкор районунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан 60 спортчу катышкан.

Кыргыз бокс легендасы, СССРдин эки жолку чемпиону, СССРдин мыкты боксчусу, Европа чемпионатынын коло медалынын ээси жана бир катар эл аралык турнирлердин ээси Нурлан Абдыкалыков 1965-жылы 17-августа Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу