Жаңылыктар

24.10.2023 11:15

   Кароолор: 551

ЭКИ ЖЫЛДА ӨЗГӨЧӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖОГОРУЛАГАН ӨКМ

Соңку эки жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине болуп көрбөгөндөй көңүл бурулуп, ишин эселеп жеңилдеткен акыркы үлгүдөгү техникалар менен камсыздалды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кырсык болуп, адам өмүрү кылдын учунда турган маалда биринчилерден болуп жардамга кол сунган куткаруучуларды күчтөндүрүү өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилеп келет. Бул максатта республикалык бюджеттен 2 тик учак 100дөгөн инженердик, автобус, жеңил унаалар алынса, достук жана колдоо көрсөтүү менен стратегиялык өнөктөш болгон чет өлкөлөрдөн гранттык негизде ири көлөмдө техника келди.

Бүгүн УТРКнын Биринчи радиосунун "Танкы Кыргызстан" уктуруусунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов министрликтеги техникалык базанын жаңыланышы, адам өмүрүн сактоо, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, куткаруучулардын эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасын жогорулатуу ж.б. боюнча кеңири маек берди.

маекти толугу менен төмөндөгү ссылка аркылуу көрүңүз⬇️

https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/357058926690666/?mibextid=YxdKMJ

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу