Жаңылыктар
13.05.2024 14:34
Кароолор: 248
ЭКИ ӨЛКӨ ЧЕКТЕШКЕН АЙМАКТА ЖЕР ТИТИРЕДИ
Бүгүн, 13-май Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:44тө Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР