Жаңылыктар

15.01.2025 07:06

   Кароолор: 495

ЭКИ ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 39° 23´с.ш.λ = 73° 27´в.д.) күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=8,8).

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу