Жаңылыктар

21.12.2024 17:01

   Кароолор: 569

ЭКИ КҮНГӨ СОЗУЛГАН ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА 86 КАЙРЫЛУУ ТҮШТҮ

Бүгүн, 21-декабрда эки күнгө созулган Үчүнчү Элдик Курултай жыйынтыкталды. Ага өлкө аймагынан 700гө жакын делегат келген. Мындан сырткары чет өлкөдөгү мекендештер, диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Элдик Курултайдын алкагында делегаттардын суроо-сунуштарын кабыл алуу максатында ар бир министрликтин бурчу уюштулган. Жалпы эки күндүн ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 86 кайрылуу түштү. Алардын көпчүлүгү сел, суу ташкындарынан коргоо максатында сайларды тазалап, жээгин бекемдөө, дамба куруу, өрт коопсуздугу, алыскы айылдарга өрт куткаруу бөлүгүн ачуу жана кадр маселесине байланышкан арыз, кайрылуу каттарды калтырышты.

Мындан сырткары Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан агып өткөн Чу дарыясынын жээгин бекемдөө жумушу боюнча кайрылышты. Белгилей кетсек, аталган дарыянын жээги ӨКМ тарабынан бекемделүүдө. Министрликтин өкүлдөрү "Суу жээги желген сайын чек ара тилкеси азаят деген туура эмес. Белгиленген чек өзгөрбөй тургандыгын" түшүндүрүштү.

Элдик Курултайда ӨКМдин куткаруучуларына ыраазычылык да билдиргендер аз эмес. Айрыкча Ош, Ноокат, Баткендеги селде кызмат кылган кызматкерлерге рахмат айтылды.

Ал эми келип түшкөн кайрылуулар боюнча ӨКМ тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу