Жаңылыктар

09.09.2026 22:29

   Кароолор: 58

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ: ТАЛАС ОБЛУСУНДА ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ БАШКЫ НАЗАРДА

2026-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Талас облусунда бир катар салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Мааракеге байланыштуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы ыкчам башкармалыгынын башчысы Кумар Ахматов жана Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Урматбек Имашов шаардык жана райондук бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрүштү.

Жыйында майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү маселелери талкууланды.

Жетекчилик тарабынан майрам күндөрү эл көп чогулган жерлерде коопсуздук талаптарын күчөтүү, кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда ыкчам аракеттенүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

«Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы – элибиз үчүн маанилүү тарыхый дата. Бул күндү жогорку деңгээлде өткөрүү менен катар, ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылуу – негизги милдеттердин бири», – деп белгиленди жыйында.

ӨКМдин кызматкерлери майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандарга зарыл жардам көрсөтүүгө дайыма даяр болушат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу