Жаңылыктар

30.08.2024 12:07

   Кароолор: 150

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ЭРДИК ЖАСАГАН КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын алдыңкы куткаруучулары жана кызматкерлери 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйланышты.

Алгач башкармалыктын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов эл жүгүн көтөрүп, өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучуларды министр Бообек Ажикеевдин жана өзүнүн атынан кызуу куттуктактады. Өз сөзүндө үстүбүздөгү жыл ичи кырсыктардын масштабына жана көптүгүнө карабастан, куткаруучулар өз кызматын так аткарып жаткандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле жалпы кызматкерлерди Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Андан соң элдин ишенимин, үмүтүн актаган куткаруучулук кесиптин ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин I, II даражадагы “Мыкты аскердик кызматы үчүн”, III даражадагы “Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн” жана “Өрттөгү каармандыгы үчүн” медалдары, ардак грамоталарды жана Алкыш барагын тапшырып, жоопкерчиликтүү иштерине ийгилик каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу