Жаңылыктар
18.05.2024 10:41
Кароолор: 490
ЭГЕМЕНДИКТИН ТАРЫХЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ИРИ АЯНТКА КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ
Бүгүн , 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп айылынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Каркыра токойчулугунун Ак-Сай тилкесине ири көлөмдө көчөттөр отургузулду.
Салтанаттуу иш-чарада ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, ӨКМдин Токой кызматынын директору Стамбек Исмаилов, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти - башкармалыктын төрагасы Алмазбек Барыктабасов сөз сүйлөп ачышты.
Өз сөзүндө Азамат Мамбетов Президент Садыр Жапаровдун "Жашыл Мурас" өнөктүгүн улай Кыргызстандын баа жеткис жаратылышын сактап калуу жана байытуу максатында масштабдуу иш-чара уюштурулганын белгиледи. Айрыкча дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөрдөн улам келип чыгуучу табигый кырсыктардын алдын алып, жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоого токой аянтын кеңейтүү маанилүү экенин билдирди.
Планга ылайык 300 гектар аянтка 332 миң ар түрдүү көчөт отургузуу каралган. Аларга кызыл карагай, кайыңдын, ийне жана жазы жалбырактуу дарактар кирет.
Белгилей кетсек, эгемендик алгандан бери биринчи жолу өлкөдө мындай ири аянтка көчөт отургузуу Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен уюштурулду.
Ал үчүн министрлик тарабынан 20 чатыр тигилип, токойчулардын жеринде ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен камсыздалган.
Каркыра токойчулугунун Ак-Сай тилкесине 332 миң көчөттү отургузууга Түп токой чарбасына жардамга Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусундагы 13 токой чарбасы, ӨКМдин 60 куткаруучусу, Кумтөр Голд компани" ЖАКтын кызматкерлери, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн администрациясы, Түп райондук мамлекеттик администрациясынан жана айыл өкмөтүнөн жалпы 450 кызматкер катышты.
Кыргызстандын жашыл мурасын сактап, токой аянттарын кеңейтүү иш-чарасын уюштурууда "Кумтөр Голд компани" ишканасы да демөөрчүлүк кылышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР