Жаңылыктар

14.02.2025 17:59

   Кароолор: 186

“ЭДЕЛЬВЕЙСТИН” КУТКАРУУЧУЛАРЫ ТООНУН БООРУНДА МАШЫГЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоодон куткаруу кошууну кечээ, 13-февраль күнү Аламүдүн районунун "Кашка-Суу" лыжа базасында бийик тоодо издеп куткаруу иштери боюнча тажрыйбасын жогорулатып, машыгышты.

Тоонун боорунда, сөөк какшаткан суукта адам өмүрүн сактаган тоо куткаруучулары ар кандай кырсыктарда колдонулуучу шаймандарды ыкчам жана туура колдонууну өздөштүрүп, мындан сырткары спорт менен ден соолуктарын чыңдашат.

Эң керектүү куралдар аркан, муз жаргыч жана чатырлар бардык жабдыктар менен камсыздалган тоо куткаруучулары мындай машыгуу, окутууларды тынымсыз өткөрүп турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу