Жаңылыктар
27.01.2025 09:14
Кароолор: 652
“ЭДЕЛЬВЕЙСТИН” КУТКАРУУЧУЛАРЫ ТООДО МАШЫГЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоодон куткаруу кошууну өткөн аптада Аламүдүн районунун "Кашка-Суу" лыжа базасында бийик тоодо өзүн алып жүрүүгө даярдоо үчүн атайын окутуудан өтүштү.
Окутуунун негизги максаты – бийик тоолордо адашкан, кырсыктаган адамдарга жардам берүү учурунда куткаруучулар ак кар, көк музда өзүн алып жүрүүгө, ар кандай бийиктиктерге жүрүш жасоого, тоодон издеп куткаруу иштерине ыңгайлашуу. Алар тоо шартында уюштурулган окутуунун алкагында карда жүрө турган техникаларды колдонууну жана лыжа тебүүнү үйрөнүшөт.
Мындан сырткары “Эдельвейстин” куткаруучулары тоо шартындагы окутуу мезгилинде спорт менен машыгып, таза абада ден соолуктарын чыңдай алышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР