Жаңылыктар

07.03.2025 16:35

   Кароолор: 722

ЭДЕЛЬВЕЙСТИН КУТКАРУУЧУЛАРЫ 3240 метр БИЙИКТИКТЕН ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДЫ АЛЫП ТҮШҮШТҮ

2025-жылдын 7-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын “Бокс” чокусунан түшүп келе жаткан чет элдик жаран бутун сындырып алгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоодон куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу саат 08:00дө жерине чыгып, саат 10:30да керектүү шаймандары менен Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы “Хижина Рацека” туристтик жайына жетишкен.

Куткаруу иштеринин натыйжасында куткаруучулар жабырлануучуга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан ары коопсуз аймакка эвакуациялап, ыкчам аракетте Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу