Жаңылыктар

01.03.2026 18:37

   Кароолор: 7

“ЭДЕЛЬВЕЙС” ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫ 24 ЖАШТАГЫ ЖАРАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ

ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан шаркыратмадан 24 жаштагы жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү.

Эс алуучулар 1-март күнү таңкы саат 4:00дө "Мугалим" чокусуна жүрүш жасап, шаркыратмага жеткенде денеси муздап, ээсин жоготкондугу тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Көмөк көрсөтүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу чыгып, алгачкы медициналык жардамын көрсөтүштү. Учурда абалы жакшы.

Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун көзөмөлүндө “Ала-Арча” паркында куткаруучулар нөөмөт менен иш алып барууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу