Жаңылыктар

29.09.2023 10:08

   Кароолор: 929

Дүрбөлөнгө түшпөңүз – бул машыгуу!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

3-октябрь күнү, саат 10-11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу!

Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.

Аталган иш-чарага республикабыздын бардык мамлекеттик ведомствалары, билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан мекеме ишканалардын катышуусу мерчемделген.

Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын өтө турган машыгуу тууралуу коомчулукка туура маалыматты жеткирүүгө жана жарандарды так эмес маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу