Жаңылыктар
02.10.2023 09:41
Кароолор: 462
Дүрбөлөнгө түшпөңүз — бул машыгуу!
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
3-октябрь күнү, саат 10-11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарларында 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу!
Анын максаты — “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата сиреналардын иштөөсү текшерилет.
Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын өтө турган машыгуу тууралуу коомчулукка туура маалыматты жеткирүүгө жана жарандарды так эмес маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР