Жаңылыктар

21.04.2024 11:19

   Кароолор: 159

ДҮРБӨЛӨҢГӨ АЛДЫРБАҢЫЗ! УРМАТТУУ ШААР ЖАРАНДАРЫ КАЛААНЫН ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ СЫНОО ЖҮРГҮЗӨТ!

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Ишканадан жылуулук түйүндөрүнүн тыгыздыгы (басымды сыноо) боюнча пландуу гидравликалык сыноолор жүргүзүлөрүн маалымдашты: шаардын борбордук жагынан түндүктү карай Лев Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин (Мадина базары), темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан баатыр проспектиси боюнча Достев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен темир жолго чейин, шаардын түштүк жагында (Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолунан Кулатов көчөсүнө чейин.

Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмарынын бузулушу жана жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан аймактарды суу каптап кетиши мүмкүн.

Андыктан шаардыктарды жана транспорт каражаттарынын айдоочуларын жолдордо этият болууга чакырабыз. Жолдордогу жыртыктар жана бузулууларды байкасаыз дароо «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын Диспетчердик кызматына — 56-85-58 телефону же болбосо, Керектөөчүлөрдү колдоо борборуна — 61-11-69, 1980 (Кыргызтелекомдон), 0557 611-166, 0777 611-166, 0-701-611-166 телефондор аркылуу кайрылыз.

КР КМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу