Жаңылыктар
05.09.2026 10:45
Кароолор: 24
ДҮЙНӨЛҮК САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО УЮМУ КЫРГЫЗСТАНДА АПААТТЫК МЕДИЦИНА КЫЗМАТЫНЫН КӨЧМӨ ГОСПИТАЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанда насаатчылык сапарын өткөрүүдө. Сапардын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын командасынын ДССУнун эл аралык стандарттарына ылайык эл аралык аккредитациядан өтүүгө даярдыгын баалоо.
Сапардын алкагында эксперттер жана насаатчылар Апааттык медицина кызматынын командасынын потенциалына баалоо жүргүзүшүүдө. Анын ичинде команданын уюштуруу түзүмү, ыйгарым укуктары, каржылоо механизмдери, активдештирүү жана жайылтуу жол-жоболору, ошондой эле клиникалык жана операциялык мүмкүнчүлүктөрү каралууда.
Негизги максат — мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган багыттарды аныктоо жана команданы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эл аралык деңгээлде жайылтылуучу медициналык команда катары аккредитациядан өтүү процессине даярдоо.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ