Жаңылыктар
24.10.2025 17:06
Кароолор: 38
ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН МИССИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ
Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасында туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү (KG RESILAND)» долбоорунун миссиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улук адиси, KG RESILAND долбоорунун жетекчиси Айдай Баялиева, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басары Чинара Бербаева, ошондой эле Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча регионалдык илимий борбор түзүү, ошондой эле тоо продукциясын өндүрүү боюнча методологияны (бизнес-планды) иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Ошондой эле долбоордун негизги көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн түшүнүктүк документтерди жана ыкмаларды иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган эл аралык демилгелерди ишке ашырууда биргелешип иш алып баруу ниеттерин билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР