Жаңылыктар

10.10.2025 17:05

   Кароолор: 355

ДҮЙНӨ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: ВЬЕТНАМДА ҮЙЛӨР СУУ АСТЫНДА КАЛЫП, БАЙЛАНЫШ ТОКТОДУ

«Матмо» тайфунунан кийинки катуу бороон Вьетнамдын түндүгүндө кеңири жайылган суу ташкынын пайда кылды. Сел жолдорду каптап, миңдеген үйлөрдү жарактан чыгарды.

Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, акыркы 60 жылдагы эң катуу суу ташкынынан миңдеген адамдар жабыркап, үйлөр суу алдында калышты. Айрым шаарларда жолдору, көпүрөлөрү жана электр тармактары жарактан чыгып, байланыш токтогон.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги 30 миң аскерди, тик учактар менен кайыктарды куткаруу иштерине жана гуманитардык жардам жеткирүүгө жөнөттү. Алар жашоочуларды коопсуз жайларга көчүрүү жана азык-түлүк менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындай өзгөчө кырдаал Кыргызстанды кыйгап өтпөйт эч ким кепилдик бере албайт. Алсак, өткөн жылы кыргыз журтчулугунда адам өмүрун алган сел каптоолор болуп, материалдык чыгымдарды алып келген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу