Жаңылыктар
16.10.2026 18:09
Кароолор: 15
ДРЕНАЖДЫК ТҮТҮКТӨР ТАЗАЛАНЫП, СУУ КАПТООНУН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан дренаждык түтүктөр тазаланып, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу чаралары көрүлүүдө.
Республика боюнча жалпы 17 объектте жумуштар толугу менен аяктап, 13 объектте тазалоо иштери уланууда. Мындай алдын алуу иштери аймактардагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүн жана каптоо коркунучун азайтат.
2026-жылга карата дренаждык түтүктөрдү казуу жана калыбына келтирүү боюнча жалпы 30 объект пландалган. Анын ичинен 17си ачык, 13ү жабык типтеги дренаждар. Аймактар боюнча айтсак, Талас облусунда 21 объекттин 14үндө жумуштар аяктап, 7 объектте уланууда. Ал эми Чүй облусунда 9 объекттин 3үндө жумуштар толугу менен бүтүп, 6 объектте иштер жүрүп жатат.
Жалпысынан, пландагы тазалоо иштери өз учурунда аткарылып, калган объекттерде жумуштар кызуу уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ