Жаңылыктар
31.12.2024 15:52
Кароолор: 528
“ДОРДОЙДОГУ” ӨРТТҮН АЛДЫН АЛГАН КЕЗЕКТЕГИ ТЕКШЕРҮҮ
Бишкек шаарындагы “Дордой” базарында бүгүн, 30-декабрда Жаңы жылдык майрамдардын алдында питардаларды жана жардыруучу заттарды колдонууда өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан кезектеги текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө питардаларды ачык жерде сатуу керектиги, өрт өчүрүүчү шаймандардын болушу жана жардыруучу заттардын мөөнөтү, коопсуздугу тууралуу нускамалар берилип, соода-сатык кылууда кардарлардын коопсуздугуна көңүл бурулуусун эскертишти.
Ал эми базар ичинде жабык шартта сатып жаткан соодагерлерге эрежеге туура келбей турганын түшүндүрүп, товарларын тез арада алып кетишин эскертишти.
Майрам алдында өрт кырсыктарын болтурбоого багытталган мындай текшерүүлөр ӨКМ адистери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР