Жаңылыктар
22.07.2025 21:35
Кароолор: 198
ДЕН СООЛУГУ БОЮНЧА ӨЗГӨЧӨ МУКТАЖДЫГЫ БАР ЖАРАНДАР ҮЧҮН КООПСУЗДУК ОКУТУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2025-жылдын 22-июль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо кафедрасы тарабынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын окутуу иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган учурларда жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмалары, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда куткаруучулар менен байланышуу каражаттары тууралуу маалыматтар берилди. Окутуу кол жаңсоо тилин котормочусунун (сурдопереводчик) жардамы менен жүргүзүлүп, жалпысынан 40 жаран камтылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары да тартылып, авариялык-куткаруу автоунаасы жана куткаруу шаймандарынын иштөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Куткаруу иштери практикалык түрдө да көрсөтүлдү.
Ошондой эле Улуттук Кызыл Ай коомунун Ош облусундагы филиалынын ыктыярчылары тарабынан өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын сабак өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР