Жаңылыктар

03.02.2025 16:18

   Кароолор: 355

ДАЯРДЫГЫҢЫЗ КАНДАЙ ТОКОЙЧУ?

Тилсиз жоо каш-кабактын ортосунда. Өзгөчө жаратылыш койнунда, токойдо өрт кырсыгы болушу толук ыктымал. Бак-даракка, куурап турган бадалга оттун учкуну тийсе, көз ачып жумганча күлгө айланат.

Жашыл жаратылышты сактоо, материалдык жактан зыянга учуратпай, өрт кырсыгынын алдын алуу иштерин куткаруучулар тынымсыз жүргүзүшөт. Атай кетсек, бул жолу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы Токой чарбаларынын өрт кырсыгына даярдыгын кароо тактикалык-машыгуусун өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында Токой чарба мекемелеринин өзгөчө кырдаалдарга, өрт кырсыгына даярдыгы, күч-каражаттарынын абалы жана иш жүргүзүү документи каралды.

Жеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жана жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу багыттары боюнча усулдук жардамдар көргөзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР


 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу