Жаңылыктар

14.02.2025 10:34

   Кароолор: 45

ДАРЫЯЛАРДЫН КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРИ ИЛИКТЕНИП, КӨЗӨМӨЛ ЖҮРҮҮДӨ

Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларындагы сел жүрүү, суу каптоо коркунучунун, коопсуздукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну көзөмөлдөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 14-февралда Чүй облусунан атайын түзүлгөн жумушчу топ дарыялардын сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерин изилдеп чыгышты.

Жаанчыл күндөрү күтүлө турган табигый кубулуштардын натыйжасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, сел-суу ташкындарын коопсуз өткөрүү чаралары көрүлүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин негизги максаты – дарыя жээгиндеги айылдардын, шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо,материалдык чыгымдарды келтирбөө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу