Жаңылыктар
20.05.2024 13:25
Кароолор: 407
ДАРЫЯЛАРДАГЫ СУУНУ ДЕҢГЭЭЛИ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
Нөшөрлүү жаанга байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында жаралган кооптуулукту жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматынын 11 оор инженердик техникасы тартылды.
Алсак Кара-Суу, Кара-Үңкүр, дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн нугун буруу, Ноокен районунда сел тосмо курулуп, кокту-колоттон түшкөн сел суулардын калдыктарын механикалык жол менен тазалоо жумуштары жүрүүдө.
Мындан сырткары райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү адистери кооптуу аймактарга көзөмөл жүргүзүп, облус аймагында сел, суу каптоо кырсыгын алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР