Жаңылыктар
23.04.2025 11:19
Кароолор: 335
ДАРЫЯГА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛАНЫ ИЗДӨӨГӨ 94 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштерине кошумча КР ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 80 адам, жалпы 94 адам тартылды.
Ага чейин бүгүн таң эрте ӨКМден - Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 5, жалпы 10 куткаруучу тартылган.
Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР