Жаңылыктар
13.12.2023 15:47
Кароолор: 477
ДАРООТ-КОРГОН АЙЫЛЫ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ
2023-жылдын 12-декабрь күнү саат 09:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылына караштуу Дара тилкесиндеги аскадан көлөмү болжол менен 5250 м3 таш түшүп, таза суу түтүкчөсү жарылган. Мындан улам айылга таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Жерине Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан тартылган 3 куткаруучу кырдаалды такташкан. Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.
Ал эми Чоң-Алай айыл аймагынын адистери суу түтүгүн калыбына келтиришип, саат 12:00 чамасында айыл таза суу менен камсыздалган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР