Жаңылыктар

21.07.2025 15:39

   Кароолор: 240

ДАЙЖЕСТ: Акыркы аптада өлкө ичинде катталган окуялар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылган иштерге саресеп салабыз.

🔹Республика боюнча 195 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 204 бөлүм тартылган.

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан жана Чыгыш-5 кичи районунда 9-кабаттан чыккан өрт автошатынын жардамында өчүрүлдү.

🔹Куткаруу кызматтарынан жума ичинде жалпы 21 чыгуу болгон. Алардын көпчүлүгү сууга чөккөндөрдү издөө болууда. Ал эми сел кырсыктары жана катуу шамалды алдын ала эскертүү боюнча 3 жолу шашылыш билдирүү таратылды.

🔹ӨКМ адистери Чүй облусунун Кегети жайлоосундагы Көл-Төр көлүн изилдөөгө чыгышты. Натыйжада жырылуу коркунучу жок экенин аныкталды.

🔹Мындан тышкары министрдин тапшырмасына ылайык мектептерде, эгин талааларындагы өрт кырсыктары жана суудагы коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу боюнча эскертүүлөр күчөтүлдү.

🔹16-июль – Кыргыз гидрометеорология күнү белгиленип, министр кесип ээлерине карата куттуктоосун жолдоду.

🔹Ош облусунун жарандык коргонуу боюнча 2025-жылга карата даярдыгын күчөткөн машыгуу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу