Жаңылыктар

19.01.2024 09:29

   Кароолор: 361

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ 312 КУТКАРУУЧУ ЧЫКТЫ

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаранды издөөгө 19-январь күнү,  саат 08:00да жалпы 312 адам  чыгышты.

Анын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен  ИИМден 120 кызматкер 2дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат.

Эске салсак,  14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.  Ал акыркы жолу 14-январды караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин  жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу