Жаңылыктар
12.01.2025 20:22
Кароолор: 809
ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 13-январда улантылат.
Бүгүн ӨКМден 36 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 10 киши болуп жалпысынан 52 адам, 3 дрон тартылды. Куткаруучулар керектүү шаймандар жана спутник байланышы менен камсыз болушту жана алар катаал шартта издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн берибери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР