Жаңылыктар
12.01.2025 07:20
Кароолор: 799
ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕ МЕНЕН УЛАНТЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн, 12-январда ӨКМден 36 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, туугандарынан 10 киши болуп жалпысынан 52 адам, 3 дрон тартылды. Куткаруучулар керектүү шаймандар жана спутник байланышы менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР