Жаңылыктар
14.11.2024 18:07
Кароолор: 958
COP-29: ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ
COP-29 Эл аралык конференциясынын алкагында Баку шаарында Кыргызстан улуттук павильонун салтанаттуу ачты. Анда биздин республика башынан өткөрүп жаткан актуалдуу климаттык чакырыктардын экспозицияларына өзгөчө көңүл бурулду.
КР ӨКМдин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти “Табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап технологияларды пайдалануу: климаттык тобокелдиктерди башкаруу инновациясы” аттуу катарлаш иш-чараларда бул тармактагы өзүнүн жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.
Негизги долбоорлордун бири - Япония өкмөтү тарабынан каржыланып Кыргызстандагы БУУнун Азык-түлүк программасынын долбоору алкагында иштелип чыккан Кооптуу климаттык кубулуштарга даярдык көрүү жана таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жолу аркылуу коомчулуктун туруктуулугун жогорулатуу үчүн өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын эрте маалымат жеткирүү потенциалын жогорулатууга багытталган бийик тоолуу көлдөрдүн жарылып кетүүсүнө изилдөө жүргүзүү системасы болуп саналат.
ӨКМ башчысы, генерал-майор Бообек Ажикеев өз сөзүндө долбоордун маанилүүлүгү белгилеп, жарылып кетүү коркунучу сакталган көлдөргө маалыматтык система менен туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана мүмкүн болчу тобокелдиктерди божомолдоого жол ачылып, өз убагында таасир этүүгө жардам берерин айтты.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев аталган биргелешкен долбоордун натыйжалары жана жетишкендиктери тууралуу баяндама жасап, сел коркунучу жана бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусуна байланыштуу кырсыктын кесепеттерин жоюудагы жыйынтыктарга жана жетишкендиктерге токтолду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бийик тоолу көлдөргө мониторинг жүргүзүү долбоору климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту чыңдоого жана адам өмүрүн сактоого жардам берүүчү жаңы технология катары саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР