Жаңылыктар
20.04.2026 17:07
Кароолор: 12
Чыныбаев Талас облусундагы калктуу конуштарда жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты
Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев калктуу конуштарда жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Министр жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү жана калктуу конуштарды суу каптоо менен ашыкча нымдуулуктан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан зарыл иш-чаралар аткарылып жаткан объектилерди көрүп чыкты. Белгилеп кетсек, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү нымдуулуктун көбөйүшүнө, калктуу конуштардын аймагындагы абалдын начарлашына, инфраструктуранын бузулушуна жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигинин жогорулашына алып келиши мүмкүн.
Бул иштер калктуу конуштарды коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана суу каптоо коркунучтарын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына, ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Суу кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.
Жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн алдын алуу боюнча алдын алуучу иш-чаралар быйыл башталган.
Талас облусунда жалпысынан 21 объектте иштер жүргүзүү каралган, анын ичинен 13 объектте жабык типтеги дренаждарды калыбына келтирүү боюнча атайын долбоорлордун алкагында иштер жүрүүдө.
Мындан тышкары, 8 объектте ӨКМдин атайын техникаларын тартуу менен ачык типтеги дренаждарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 5 объектте иштер аяктап, калган 3 объектте иштер уланууда.
Канатбек Чыныбаев калктуу конуштарды коргоо, дренаждык инфраструктураны калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн бул иш-чараларды өз убагында жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.