Жаңылыктар
03.01.2025 10:17
Кароолор: 302
ЧУҢКУРЧАКТА ЖАБЫРКАГАН ЖАРАНДАРГА КУТКАРУУЧУЛАР ТАРТЫЛДЫ
Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдын ала маалымат боюнча, Чуңкурчак эс алуу жайында 2 эркек киши лыжа тээп баратышып (аты-жөндөрү такталууда) чуңкурга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР