Жаңылыктар
14.04.2026 15:59
Кароолор: 22
ЧУҢКУРЧАК ЖАЙЛООСУНДАГЫ ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Чолпонбек Боскунчиевдин берген маалыматына ылайык, Чуңкурчак жайлоосу тарапта чыккан өрт саат 15:20да чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жалпы 27 адам өрт өчүрүүгө тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР