Жаңылыктар
14.04.2026 12:37
Кароолор: 26
ЧУҢКУРЧАК ЖАЙЛООСУ ТАРАПТА ТООНУН БООРУНАН ӨРТ ЧЫКТЫ
Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:11де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу жана ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ (3 кызматкер) жөнөп кетти.
Кошумча саат 12:32де Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токой кызматынан 10 кызматкер, жалпы 27 кызматкер тартылды. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР