Жаңылыктар
22.08.2025 10:51
Кароолор: 228
ЧҮЙДҮН ОРТО-АРЫК ТООСУНДАГЫ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ ИШТЕРИ ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ УЛАНУУДА
Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылынын тоосунда 2025-жылдын 17-августунда куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иштери ошол убактан бери үзгүлтүксүз уланууда.
Бүгүн, 22-августта тоодогу өрттү өчүрүү иштерине Панфилов райондук өзгөчө кыраалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу тартылды. Кечээ нөөмөттө Токой чарба кызматынын 2 кызматкери калган.
Кошумча дагы ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана Токой кызматынан 15 кызматкер, жалпы 45 адам ыкчам аракеттерин көрүп жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР