Жаңылыктар
25.03.2025 11:30
Кароолор: 265
ЧҮЙДӨГҮ КАРАГУЛ КОКТУСУНУН НУГУ ТЕРЕҢДЕТИЛИП, 17 ҮЙ, 230 га АЙДОО ЖЕР КОРГОЛГОН
Чүй районунда ӨКМдин райондук бөлүмү тарабынан 2025-жылга "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары" мерчемине ылайык буга чейин Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Карагул айылындагы Карагул коктусунда 1000 метр жеринин нугун тереңдетип, жээгин бекемдөө иш-чаралары толук аяктаган.
Бул иш-чаралардын негизинде 17 турак жай, болжолдуу 230 гектардай айдоо жери корголгон.
Ошондой эле ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын атайы бекитилген пландарына ылайык, адистештирилген техникалардын жана күч каражаттарынын жардамында кооптуу делген аймактардын суу жээктерин бекемдөө, каналдарды шагыл-таштандылардан тазалоо жумуштары улантылып келет. Мындай аракеттер сел жана суу каптоолордун алдын алуу максатын көздөйт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР