Жаңылыктар

04.01.2025 12:11

   Кароолор: 308

ЧҮЙДӨ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин (Косо-Терек айылынан 10 чакырым түндүк чыгышта, Кызыл-Үнкүр айылынан 15 чакырым тундүк чыгышка, Жаз-Кечүү айылынан 15 чакырым түндүк батышка, Арсланбап айылынан 25 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген.

Ал эми Чүй облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин (Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түштүк батышка, Төш-Булак айылынан 23 чакырым түштүк чыгышка, Бишкек шаарынан 36 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу